Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 30.05.2014 09:40

Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары 2015-2017-жылдарга бюджеттин долбоорун карашты

Turmush -  Кечээ, 29-майда Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттарынын жыйыны болду. Күн тартибине 5 маселе киргизилди. Жыйында бюджеттин кийинки 3 жылга болгон болжолу каралып ал кабыл алынды.

Болжолдуу долбоорго ылайык, бюджеттин киреше бөлүгү жыл сайын 3,5%га жогорулайт, 2015-жылы 207336,6 миң сомду түзөт, ал эми 2016-жылы 213851,8 миң сом, 2017-жылы 215020,4 миң сомду түзөт («Жунда» нефть иштетүүчү заводунун ишин эске албаганда). Ал эми бюджеттин чыгаша бөлүгү кирешеге жараша пландалат.

Каржы-экономикалык бөлүмүнүн башчысы Марат Алымходжаевдин докладына ылайык, бюджет төмөндөгүдөй чыгымдалат: Турак-жай коммуналдык чарба -56,2%, билим берүү- 24,1%, маданият жана спорт -9,7%, мамлекеттик кызматтар- 5,1%, атайын каражаттарга чыгашалар — 4,9%ды түзөт.

Анын докладын уккандан кийин депутаттардын маданият жана спортко чыгашаларды жогорулатуу боюнча бир гана сунушу болду.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×