Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 26.05.2014 16:33

Кара-Балтадагы №12 орто мектебинин акыркы коңгуроо иш-чарасына белгилүү ырчы Курал Чокоев келип, ырдап берди

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы №12 орто мектепте акыркы коңгуроо иш-чарасына кыргыз эстарада ырчысы Курал Чокоев келип ырдап, бүтүрүүчүлөрдү куттуктады.

Аймактык кабарчы маалымдагандай, К.Чокоев Кара-Балта шарындагы №12 орто мектебин 10 жыл мурун аяктаган. Ал салтанаттуу концертке катышып, өзүнүн белгилүү «Билип жүр» жана «Ой тобоо» аттуу ырларын аткарып берди.

«Бүгүн өзгөчө күн, карындашым бул мектепте 11-классты аяктап жатат, иним болсо 1-классты бүтүрүүдө. Мындан тышкары мен бул мектепти аяктаганыма быйыл 10 жыл болуптур. Мугалимдерим менен жолугушканыма абдан ыраазы болдум», - деди К.Чокоев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×