Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 23.05.2014 12:47

Кара-Балтанын мектеп окуучулары Татарстанда өтүүчү жол кыймылынын жаш инспекторлору эл аралык сынагына чакыруу алышты

Turmush -  Кара-Балта шаарынын №2 орто мектебинин окуучулары Бишкекте өткөн жол кыймылынын жаш инспекторлору республикалык сынагын жеңип алышкан.

Аймактык кабарчы билдиргендей, жеңишке жеткен окуучулар Казань шаарында өтө турчу КМШ өлкөлөрүнөн келген жол кыймылынын жаш инспекторлору эл аралык кароо-сынагына чакыруу алышты.

Аталган эл аралык сынакка Орусиянын, Казакстандын жана Кыргызстандын өкүлдөрү катышат.

Кара-Балталык мектеп окуучуларынын сынакка катышуу үчүн каржылоо маселеси азырынча чечиле элек.

№2 орто мектебинин директору Антонина Синявская билдиргендей, команданын 8 катышуучусунун төртөө гана эл аралык сынакка катышуу үчүн чакыруу алган.

Эл аралык сынак июнь айында өтө тургандыгы пландалууда.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×