Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 21.05.2014 15:22

Депутат Т.Мадылбеков Кара-Балтадагы нефти заводунун иштешине ким уруксат бергендигине кызыкты

Turmush -  Бүгүн, 21-майда Жогорку Кеңеш өкмөттүн 2013-жылдагы ишмердүүлүгүнүн жыйытыгы тууралуу отчётун кароодо.

Аталган отурумда «Ата Мекен» фракциясынын депутаты Туратбек Мадылбеков, Кара-Балта шаарындагы нефтини кайра иштетүү заводун кое берүү болгонбу?, - деп сурады.

Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев билдиргендей, завод бүгүнкү күндө толук кубаттуулук менен иштеген жок. «Ведомстволор аралык комиссия түзүлүп, ал жерге бир катар суроолорго жооп алган экологдор жөнөтүлдү. Бүгүнкү күндө нефтини заводго туруктуу жеткирүү маселеси чечилген жок, ал туруктуу иштеген жок», - деди Т.Сарпашев.

Экономика министри Темир Сариев, завод 17-майдан баштап иштеп жаткандыгын билдирди. «Түзүлгөн комиссия бардыгын изилдеп чыкты. Мыйзамдын бардык ченемдери сакталып жатат. Көзөмөлдөө инспекциясы тарабынан мыйзам бузууларды жокко чыгаруу көрсөтүлгөн», - деди Т.Сариев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×