Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 07.05.2014 18:17

Кара-Балта шаарында окуучулар ашыкча кабыл алынган айрым мектептер бар

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы айрым мектептерде окуучулар ашыкча кабыл алынган. Муну менен катар мугалимдер жетишсиз болгон учурлар көбөйүүдө.

№2 мектептин директору Антонина Синявскаянын айтымында, 700 балага ылайыкталган окуу мекемелеринде 1 180 окуучу билим алат, ал эми мындан алыс эмес жайгашкан №3 мекте окуучулардын жарымы да толукталган эмес.

Анын айтымында, бул азыр ата-энелердин мектептин жакын жайгашкандыгына эмес, өздөрүнүн каалоосуна жараша тандоосу менен байланыштуу. «Балдардын көпчүлүгүнөн улам алар нормадан көп сабак өтүүгө туура келет. Кээде бир мугалим бир жумада 60 саат өткөн учуру кездешет. Биз жаңы окутуучуларды тарта албай жатабыз, анын үстүнө алар үчүн кабинет да даярдоо керек», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×