Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 30.04.2014 17:04

К.Шамканов өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды

Turmush -  Күмүшбек Шамканов өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп дайындалды.
 
Өкмөттүн басма сөз кызматы билдиргендей, бул жөнүндө тийиштүү буйрукка премьер-министр Жоомарт Оторбаев кол койду.
 
К.Шамканов 1960-жылы Чүй облусундагы Сокулук районунун Беловодск айылында туулган. Фрунзе политехникалык институтунун өнөр жай жана социалдык курулуш факультетин аяктап, «инженер-куруучу» адистигине ээ болгон.
 
2013-жылдын 1-ноябрында премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиевдин буйругу менен биринчи вице-премьер-министрдин кеңешчиси болуп дайындалган.
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×