Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 28.01.2014 11:10

Кара-балталыктар «Эмгек» партиясынын лидери менен жолугушту

Turmush -  Кечээ, 27-январда «Эмгек» партиясынын лидери Аскар Салымбеков Чүй облусунун Панфилов, Жайыл райондорунун жана Кара-Балта шаарынын тургундары менен жолугушту. Бул тууралуу аталган партиянын басма сөз кызматы билдирди.

Жыйынга 500дѳн ашуун адам катышты.

А.Салымбеков, чогулгандарга партия алдына тѳрт милдет коюп жатканкандыгын жана анын биринчиси партия ѳз катарына жаш, таза кадрларды тартып, Кыргызстандын ѳнүгүшүнѳ салым кошуу экендигин белгиледи. Андан кийин экономиканы кѳтѳрүп, жумушчу орундарын түзүп, социалдык проблемаларды чечүү, үчүнчү милдет- мыйзамдуулук, тартипти орнотуп, мыйзам алдында баары бирдей деген талапты орундатуу экендигин билдирди.

Чогулган эл партиянын максат, милдеттери боюнча да сунуш-пикирлерин айтышты.

«Эмгек» партиясы элден түшкѳн сунуш-пикирлердин негизинде программасын даярдоо максатында, бүгүн, 28-январда А.Салымбеков Чүй облусунун Сокулук жана Москва райондорунун тургундары менен жолугушат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×