Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 02.04.2014 10:52

Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун экономикалык негиздерин үйрөнүшүүдө

Turmush -  Кара-Балта шаарынын мэриясында «КР жергиликтүү өзүн өзү башкаруунун каржы-экономикалык жана мыйзам чыгаруу негиздери» темасында тренинг өтүүдө.

«Таза Шайлоо» ассоциациясы билдиргендей, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу түшүнүгүндөгү борбордук орунду жергиликтүү кеңеш депутаттарынын укугу, жергиликтүү өзүн өзү башкаруу негиздеринин реалдуу жөндөмдүүлүгү жана мамлекеттик иштердин маанилүү бөлүгүн регламентация кылуу жана аны башкаруу, мыйзам чегинде иштөө менен жергиликтүү калктын кызыкчылыгы үчүн өзүнүн жоопкерчилиги менен иштөө ээлейт.

Тренингдин алкагында жергиликтүү өзүн өзү башкаруу системасындагы депутаттардын ролун окутуу, алардын укуктарын, жергиликтүү бюджеттин маанилүүлүгү, алардын бюджеттик иштердеги ролу, көзөмөлдөөчү укуктарын ишке ашыруу, жеке менчик муниципалдык башкаруу, аймакты өнүктүрүү стратегисы каралган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×