Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 01.04.2014 12:52

Кара-Балтадагы бала бакчалардын биринде кыргыз тайпалардын тарбиячылары үчүн семинар өттү

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы бала бакчалардын биринде кыргыз тайпалардын тарбиячылары үчүн семинар өттү. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Иш-чарага Жайыл районундагы баардык бала бакчалардын кыргыз тилиндеги топтордун 16 тарбиячысы чакырылган, алардын 8и шаардык мугалимдер жана 8и мектепке чейинки мекемелердин мугалимдери.

Көрүнүктүү үлгү катарында жогорку даярдоочу топтордо ачык саттар өткөрүлдү. Анда балдар кыргыз тилинде ыр окуп, сүйлөм түзүп, ыр ырдашты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×