Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 26.03.2014 10:47

Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары эмне үчүн мэриянын отчетунда төмөнкү сейил багындагы курула элек коомдук даараткана көрсөтүлгөндүгүнө кызыгышты

Turmush -  Кара-Балта шаардык кеңешинин депутаттары 25-мартта жеке менчик муниципалдык башкармалыгынын отчетунда эмне үчүн төмөнкү сейил бактагы курулуп бүтө элек коомдук даараткана көрсөтүлгөндүгүнө кызыгышты.

Депутаттар Анатолий Ким («Акшумкар») жана Таалайбек Алманбетов («Республика») төмөнкү сейил багындагы коомдук дааратканын курулуш маселесин кайрадан көтөрүштү.

Отчетко ылайык, даараткана былтыркы жылы эле курулган.

Шаар мэриясынын финансисти Марат Алымходжаев, коомдук даараткана ушул жылдын биринчи жарым жылдыгынын аягына чейин курулуп бүтөөрүн билдирди. «Даараткана долбоорунун баасы 450 миң сомду түзөт. Анын курулушуна каражат былтыркы жылы эле бөлүнгөн. Үч айдын аягына чейин аны курууга сөз беребиз. Биз аны кыска мөөнөттүн ичинде тургузуп кое алабыз. Бир гана маселе мамлекеттик экология жана техникалык инспекциясы анын курулушуна уруксаат бере элек. Тоскоолдук ушунда гана болууда», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×