Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 18.03.2014 11:11

Кара-Балта шаарынын бюджетинде муниципалдык медициналык мекемелерди каржылоого бир да тыйын бөлүнгөн эмес, - депутат А.Атабекова

Turmush -  Кара-Балта шаарынын бюджетинде муниципалдык медициналык мекемелерди каржылоого бир да тыйын бөлүнгөн эмес, деп билдирди «Ак-Шумкар» фракциясынын шаардык кеңештеги депутаты Айжан Атабекова. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

А.Атабекованын айтуусу боюнча, шаардык кеңештин акыркы жыйынында 12 депутат 2014-жылга шаардын бюджетине өз долбоорлорун сунуш кылышкан, анда ооруканалардын капиталдык оңдоп түзөө иштерине 58 миң сом салынаары болжолдонуп жаткандыгы айтылган.

Ошону менен катар бул каражаттар тез жардам кызматы үчүн чатырчанын курулушуна, төмөнкү ооруканадагы флюорография бөлмөсүнүн капиталдык оңдоп-түзөө иштерине, кургак учук ооруканасынын тосмосунун курулушуна жумшалышы керек болчу.

Атабекова билдиргендей, КСДП, «Эл Аман» жана «Республика» фракцияларынын депутаттары «бюджеттик укуктардын негизги принциптери жөнүндө» мыйзамдын 4,2 пунктун бузуп, аталган сунуштарды кабыл албай коюшкан. Анда «жергиликтүү бюджеттик каражаттар муниципиалдык ишканаларды, билим берүү, саламаттыкты сактоо, маданият мекемерине каржылоого жумшалат деп белгиленген».

«Саламаттыкты сактоо объектилерин оңдоп-түзөө иштерин шаардын каражаттарынын эсебинен жасоо керек. Эгенде бүгүн ага каражат бөлүнбөсө, анда эртең аталган мекеме начар абалда болуп калат. Жергиликтүү бийлик болсо, саламаттыкты сактоо мекемелери республикалык бюджеттин эсебинен каржылана тургандыгын айтышат. Бирок, бөлүнгөн каражаттар аны каржылоого эмес, дары-дармектерди, жабдыктарды алууга жумшалган», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×