Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 27.02.2014 11:20

Кара-Балта шаарында жаштар түндүк-түштүккө бөлүү саясатын жок кылууга багытталган жыйын өткөрүштү

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарында Кыргызстандын жаштарын бириктирүүгө арналган иш-чара үстүбүздөгү жылдын 24-февралында болуп өттү.

Бул жыйын Кыргызстандын баардык аймактарында жүргүзүлүп, жыйынтыгы Кыргызстан жаштарын бириктирүү жана бир көч болуп ынтымакка чогулуу, түндүк-түштүк, батыш-чыгышка бѳлүп жаруу саясатын жок кылуу максатында ѳткѳрүлдү.

Жыйынга 30га жакын жаштар, коомдук уюмдардын лидерлери, жаш активисттер жана Кара-Балта шаарынын эли, жаштары катышты.

Алар Кыргызстан эгемендүүлүк алып, өз желегин желбиреткенине 23 жылдын жүзү болсо да, мамлекет дале там-туң баскан баладай болуп жатат, деген пикирлерин айтышты.

«Кыргыз жаштарынын бириккени бул - кыргыз келечеги, кыргыз эли, Кыргызстан эч качан түндүк-түштүк, батыш-чыгышка бөлүнбөйт», деген ураан менен чыгышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×