Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 18.02.2014 11:15

Нефтини кайра иштетүүчү «Джунда» заводунун иши токтотулду

Turmush -  Бүгүн, 18-февралда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев Чүй облусунун Кара-Балта шаарындагы «Чайна Петроль Компани «Джунда» ЖЧКсы тарабынан курулган, нефтини кайра иштетүүчү заводдун ишмердигин убактылуу токтотуу жөнүндө чечим кабыл алды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Чечим, КРнын вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев башында турган өкмөттүк комиссиянын мүчөлөрү тарабынан заводдун ишмердигине тиешелүү бардык талаш учурлар аныкталганга чейин күчүндө болот.

Тема боюнча: Кара-Балта шаарында «Джунда» заводуна байланыштуу митинг болуп өттү (фото)

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×