Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 01.11.2019 18:00 На русском

ИИМдин жана Жогорку Кеңештин сыйлыгы: Кара-Балтада 80 милиция кызматкери сыйланды (сүрөт)

Turmush -  

Кара-Балта шаарында кыргыз милициясынын 95 жылдыгы белгиленди. Иш-чарага Жайыл райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери дагы катышты. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Милиция кызматкерлерин жана ардагерлерди куттуктоо үчүн Жайыл районунун жана Кара-Балта шаарынын жетекчилиги, жергиликтүү мекеме-ишканалардын өкүлдөрү келишти. Ошондой эле райондук жана шаардык прокуратура, сот системасы, билим берүү бөлүмдөрүнүн, аскер комиссариатынын башчылары дагы катышты. Алар ишинде өзгөчөлөнгөн кызматкерлерге ардак грамоталарды жана баалуу белектерди тапшырышты.

Айрым милиция кызматкерлерине ИИМдин жана Жогорку Кеңештин грамоталары берилип, жалпысынан 80 кызматкер сыйланды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×