Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 27.10.2019 20:00 На русском

Кара-балталык жаш футболчулар эл аралык мелдеште коло медаль утушту

Turmush -  Кара-Балта шаарынын «Манас» футбол командасы эл аралык мелдеште 3-орунду алды. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Казакстандын Шымкент шаарында өткөн эл аралык турнирде 2004-жылы туулган өспүрүм балдар күч сынашкан. Машыктыруучу, спорт чебери Роман Моргунов жетектеген «Манас» командасы 4 беттеш өткөрүп, жыйынтыгында коло медаль жеңип алышты.

Кара-балталык жаш спортчулар мелдеште 2 жолу жеңишке жетип, 2 ирет жеңилип калышкан. Жеңүүчүлөр кубок, медаль жана дипломдор менен сыйланышты.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×