Бөлүмдөр
Ишемби, 23-ноябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 12.10.2019 16:38

Кара-Балтадагы хоспистен 2 миң долларлык УЗИ-аппаратын уурдап кетишти

УЗИ
УЗИ

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы медициналык мекемеден белгисиз адамдар УЗИ-аппаратын уурдап кетишти.

Маалым болгондой, 12-октябрга караган түнү Жайыл райондук бириктирилген ооруканасынын аймагында жайгашкан хоспистин стационардык бөлүмүнөн белгисиз адамдар УЗИ-аппаратты чыгарып кетишкен. 2 миң долларга бааланган аппарат өтө оор абалдагы бейтаптарды, ошондой эле карылар үйүндөгү жалгыз бой адамдарды медициналык текшерүүдөн өткөрүүдө пайдаланылган.

Уурдоо учурунда медициналык мекемеде кызматкерлер жана дарыланып жаткан бейтаптар болгон. Учурда окуя болгон жерде укук коргоо органдарынын кызматкерлери иштеп жатышат.

Мекемеден билдиришкендей, белгисиз адамдар УЗИ-аппаратын алып, анын дисплейин таштап кетишкен.

Медициналык мекеме Жайыл районундагы Кызыл жарым ай коомуна карайт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×