Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 02.10.2019 14:20

Кара-балталык мушкерлер Борбордук Азиянын биринчилигинде 1-орунду ээлешти

Turmush -  20-22-сентябрда Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинде бирман боксу боюнча Борбордук Азиянын биринчилиги жана чемпионат болуп өттү.

Ага Казакстан, Өзбекстан жана Кыргызстандан жалпы 180 спортчу катышып, 33 тпотом медаль ойнотулган.

«Манас» спорт комплексинин спортчулары жакшы жыйынтык көрсөтүшүп, көбү алтын медалга ээ болушту. Алар: 42 кг салмактагы Адылбекова Элмира, 26 кг салмактагы Сыргаков Байол, 28 кг салмактагы Мустафайзулов Исмаил, 38 кг салмактагы Кубатбеков Исмаил, 36 кг салмактагы Бектемиров Сезимбек, 40 кг салмактагы Кожеков Марлен, 45 кг салмактагы Бикбоев Темир, 65 кг салмактагы Бикбоев Чыңгыз, 70 кг салмактагы Токуров Дамир, 75 кг салмактагы Бексултанов Эржан, 60 кг салмактагы Сейткулов Кубатбек, 65 кг салмактагы Курманкулов Адилбек, 57 кг салмактагы Адылбекова Адишай, 90 кг салмактагы Качадий Александр. Экинчи орунду 7 адам алышты, ал эми 6 спортчу күмүш тагынышты. Командалык эсеп боюнча кара-балталыктар биринчи орунду ээлешти.

Эми Кара-Балта шаарында 24-27-октябрда пенчак силат боюнча Борбордук Азиянын чемпионаты өтөт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×