Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 24.09.2019 23:40

Кара-Балтадагы медреседе өрттөн сактануунун жолдору көрсөтүлдү

Turmush -  ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Кара-Балта шаардык жана Жайыл райондук өзгөчө кырдаалдар бөлүмү тарабынан Кара-Балта шаарында жайгашкан «Имам-Азам» медресесинде өрт-тактикалык машыгуу болуп өттү. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Өрт-тактикалык машыгуу 2019-жылдын 5-сентябрынан 5-октябрына чейин өтүп жаткан Кыргыз Республикасынын аймагында кырсыктардын тобокелин азайтуу боюнча бир айлыкка карата өткөрүлдү. Машыгуунун жүрүшүндө өрт-тактикалык жана жарандык коргонуу тутуму боюнча сабактар өткөрүлүп, окуучуларга куткаруучу жана өрт өчүрүүчү автоунаалар, куткаруу шаймандары жана практика жүзүндө адам куткаруунун жолдору көрсөтүлдү. Жалпы 400 окуучу, 20 мугалим катышкан машыгуунун негизги максаты — өрт-өчүрүүчү жана куткаруучу кесибин популяризациялаштыруу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×