Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Нарын облусуАт-Башы району 10.09.2019 12:11 На русском

Айылда жамандык болгондо дароо ооруп калган жаш манасчынын түшүнүксүз абалы

Turmush -  Алишер Үсөнкулов 11 жашта. Ал «Манас» эпосунан үзүндү айткандан кийин кадимкидей жеңилдеп, эс аларын билдирди.

Алишер Үсөнкулов Нарын районунун Миң-Булак айылында туулган. Актан Тыныбеков атындагы орто мектебинде 5-класста окуйт. 5 бир туугандын улуусу. Атасы мектепте кенже кызматкер, апасы үй кожойкеси. Ал бул өнөрдүн арты менен көп жерлерди кыдырган. Келечекте чоң манасчы болууну каалайт. Анын «Манас» эпосунан үзүндү айтып калуусуна чоң энеси Шайырбүбү Белекова түрткү болгон.

«3 жашымдан баштап «Манас» эпосунан үзүндү айттым. Ага чоң энемдин салымы аябай чоң. Мен тамга тааный электе ар бир сапты, кыймыл-аракетти үйрөткөн. Чоң энем кошокчу, сөзгө чечен адам. Чоң атам мурун эле каза болгон. Ал адам дагы комузду аябай жакшы чертчү экен. Актан Тыныбековдун туугандарынан болобуз.

Атам комуз чертет. Мен да үйрөнүүгө аракет кылып жатам. Үйдөгүлөр кайсы жерде Манастын жыты болсо, ошол жерлерге алып барышат. Нарын облусунун атынан көп жерге барып жатам. Чоң манасчылар менен тааныштым. 4 жашымдан баштап сынактарга катыштым. Жеңүүчү болуп жүрдүм», - деди ал.

Атасы Өмүрбек Мадиев жаш манасчыны ар тараптан колдоп турат.

«Башында жайдан айтып келип, андан кийин күчөп образга кирип кетем. Сөздөрдү унутуп калган учурлар болот, мындан улам кийинки саптарды айтып кетем. Ушул жайда 40 күн «Манас» эпосунан үзүндү айтуу иш-чарасына бардым. Анда 12 жашка чейинки манасчылардын арасынан 1-орунду алдым. Тайторунун чабылышы тууралуу айттым. Бизди чоң манасчылар Рысбай Исаков, Дөөлөт Сыдыков, акын, драматург Асан Жакшылыков келип сынап кетишти.

Келечекте Саякбай Каралаевдей манасчы болгум келет. Футбол, шахмат ойноого кызыгам. Шахмат боюнча президенттин кубогуна барып келдим. Мектепте жакшы окуйм. 3-классымда «Мыкты окуучу» наамын алгам. 5 маал намаз окуйм», - деди ал.

Апасы Айнура Касымалиева уулу кичинесинен башкача бала экендигин айтат.

«Айылда бирөө каза болсо сөзсүз ооруп калчу. Дене табы көтөрүлүп же ичи өтөт. 2 жашында комага түшүп калган. Апам ошондо эле «бул бала өзгөчө бала» деген. «Манас» эпосунан үзүндү айтып баштаганда гана түшүндүк», - деди апасы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×