Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 05.09.2019 12:05 На русском

Тагдыр: Казак элине келин болгон Г.Абилованын бактылуу күндөрү эрте бүтүп…

Turmush -  27 жашында жолдошунан айрылып, 2 баласы менен турмуш түйшүгүн тарткан Гүлнара Абилова Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын 54 жаштагы тургуну. Ал көп жылдар бою медицина тармагында иштеген. Жаш кезинде жетим калган 2 баласын кош канатына калкалап, энелик мээрим төккөн күндөрүндөгү оор турмуш көйгөйлөрү көз алдында жашап келет. Анын жашоосу, кыйынчылыктарды жеңе билүүдөгү эрктүүлүгү жана сабырдуулугу менен аймактык кабарчы таанышты.

Өзүнүн айтымында, Панфилов районунда айылда чоңойгон. Кадимки эле тоолук кыздардай уй саап, сүт бышырып, тандырга нан жаап, кесме кесип, курут тоголоктоп жетилген. Бой жеткенде Кара-Балта шаарындагы медициналык окуу жайынан билим алган. Ошол күндөрүндө казак жигитине турмушка чыккан.

«Эсимде. 1985-жылы медициналык окуу жайын аяктап жатканбыз. Мен тайпанын комсоргу элем. Биз менен окуган меркелик казак кыз Галя Кара-Балтада турмушка чыгып, ошонун тоюна барганбыз. Биз менен көп улуттагы жаштар отурушкан. Эртеси үйгө кетип баратсак, жолдон кечеде биз менен отурган казак жигити мени күтүп туруптур. Көрсө, ал мени бир көрүп эле жактырып калыптыр. Ошентип, казак элине келин болгом. Бирок, кайын атам жок эле. Кайненем татар болчу. Бизге бир топ каршылыктарды көрсөттү. Кээде "мен сага татар келин алып берет элем. Тиги кыргызды кайдан таап келгенсиң?" деп, мени уксун дегендей күңгүрөнүп жанымдан өтүп калчу. Баарына чыдадым. Анткени, ыраматылык жолдошум ушунчалык жакшы адам эле. Мени "Гуля, жумуштан чарчаган жоксуңбу? Эмне жейсиң, ичесиң?" деп жадырап күтүп алар эле. Биз бир көрүшүп эле баш кошконубуз менен чыныгы сүйүү үйлөнгөндөн кийин башталды. Бири-бирибизди сүйүп, колдоп, сыйлап жашадык. "Жакшы адамдын өмүрү кыска болот" дешет айрымдар. Неге айтат, түшүнө албай келем. Анда менин жолдошум жакшы адам болгону үчүн тиги дүйнөгө кеттиби? Бул мен үчүн табышмак.

Жолдошум 1991-жылы каза болду. 27 жашымда жесир, уулум Валихан 2 жарым, кызым Алия 4 жарым жашында жетим калды. Бизге кайын журтум тараптан ээлик кылууга эч нерсе берилбеди. Мен 2 баламды ээрчитип үйдөн чыгып кетип, батирден батирге которулуп көп жыл жашадым. Көп оорулуу адамдарды карадым. Укалоо жасап, алкыштарына ээ болдум. Алардын колдоосу менен 1995-жылы Кара-Балтадан 2 бөлмөлү батирге ээ болдум», - деди ал.

Өз кесиби боюнча иштеп жүргөндө көптөгөн улуу адамдардын үйүнө барып укалоо жасап, ыраазычылыктарын алганын айтат. Пенсияга ошол меджамаатынын кол чаап узатуусу менен чыга албай, турмуш көйгөйүнөн чет өлкөлөргө иштөөгө кетип калганын өкүнүү менен билдирет.

«Турмуштун ачуу-таттуусу, кубаныч-өкүнүчү эриш аркак жүрөт шекилдүү. Өкүнгөнүм — балдарым өтө жаш кезинен атасыз калды. Медакадемиядан жогорку билим алууга болгон тилегим орундалбады. Элдин жылуу сөзүнө бөлөнүп, алкоолорун угуп ардактуу эс алууга чыкпадым. Балдарым жаш, айлык маянам аз болгондон улам сүйгөн кесибимди таштап кезегинде Россия, Турция мамлекеттерине барып күнү-түнү түрдүү жумуштарды аркаладым. Бирок, жараткан кудай жакшылыктан үзбөйт экен. Менин аз болсо да эмгегимди баалап, жаш балдарым менен ар батирге улам көчүп жүргөнүмдү эске алып өкмөт тарабынан 2 бөлмөлүү батир берилген. Ал күн бүгүнкүдөй көз алдымда. "Гүлнара Абиловага үй берилди" деген кабарды укканда кубанганымды айтпа. 7-январь болчу. Кар кечип чуркап баратам. Ыйлап да алгам. Кээде музга тайгаланып кетем. Кайра өзүмдү түздөп чуркайм. Эми ал мүнөттөрдү кайгыга толо баштаган күндөрүмдөгү кубанычымдын туу чокусу десем болот. Баштан өткөн кыйынчылыктарды "батир берилди" деген деген сөз заматта жууп кеткендей болду. Айта кетүүм керек. Ошондо райондогу аялдар кеңешинин төрайымы Разия Абдылдаеванын жардамы жүрөгүмдө түбөлүккө жазылып калды. Ошентип, үйлүү болуп, улам аны кеңейтип отуруп азыр кудайга шүгүр. Уулумду үйлөнтүп, кызымды турмушка бердим, 8 неберелүүмүн», - деди ал.

Уулу Валиханды үйлөндүргөндө кубанычын суук сөздөр заматта бууп турганын айтып түгөтө албайт. Көз жашы өкүнүчтөн төгүлгөнүн эскерет.

«Уулумду үйлөндүрдүм. Эл катары той бердим. Үйдө үй ээси, эркектин жоктугу өтө кыйын болот экен. Айрым жагдайлардагы суроолор тунгуюкка капталып кала берди. Ошентсе да туугандарыма миң ирет ыракмат. Баары тикесинен тик турушту. Жалгыз уулуман эч нерсени аябадым. Күркүрөтө той бердим. Россияда жана башка жерлерде иштеп тапканымды жакшылыкка жумшадым. Көрсө, турмуш агымы башка жолду буюрган экен. Бирок 2 балалуу болгондо уулум менен келиним башка жолдорго түшүүгө аргасыз болду. Турмуш улана берет экен. Экинчи жолу балам үйлөндү. Кудайга шүгүр. Келиним үй тиричилигине тың. Мен ойлогондой жашап жатышат. Андан да 2 балалуу болду. Кудаларым менен мамиле абдан жакшы.

Атасы ушул уул-кызынын урматын, неберелеринин жытын искебей, тиги дүйнөгө эрте кеткенине өкүнүп, эч кимге көрсөтпөй көз жашымды төгүп жеңилдеп да алам», - дейт ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×