Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 27.08.2019 08:33

Кара-балталыктар көп кабаттуу үйлөрдүн алдын балдар үчүн өздөрү жасалгалап жатышат

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн тургундары эшиктин алдын балдар үчүн өздөрү жасалгалап жатышат.

«Биз дарактардын, өзүбүз отургузган көчөттөрдүн куурап кала бергенинен тажадык. Ар бир жазда үйлөрдүн алдында көчөттөрдү өстүрөбүз. Бирок жайдын этегинде эле массалык түрдө куурап калат. Арыктар толугу менен бузулуп калгандыктан суу жетпейт. Өзүбүз ичкен суу менен сугаруу кымбат», - деди жергиликтүү тургун Бактыгүл Сыдыкова.

Кооздуктарды жасаган Галина Петрова жасалган буюмдар жоголуп да кетерин кошумчалады.

«Үйлөрдүн алды жагымдуу болушун каалайбыз. Өзүбүз желим бөтөлкөлөр менен ар кандай буюмдарды жасаганды туура көрдүк. Аракет кылып, пальма жана башка дарактарды жасап чыктык. Мындай дарактан бирди жасаганга 50дөн 100гө чейин желим бөтөлкө керектелет. Ага эң башкысы каалоо жана убакыт керек. Мисалы, эски дөңгөлөктөрдөн 1 ак кууну 1 күндө жасаса болот. Бөтөлкөлөрдөн куралган пальманы 2 күндө жасайм. Башкы көйгөй — мындай нерселер менен бардык үйлөрдүн алдын жасалгалоо мүмкүн эмес. Анткени жасалган нерселер кайдадыр бир жактарга жоголуп кетет», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×