Бөлүмдөр
Шаршемби, 18-сентябрь
Ош облусу, Ош 23.08.2019 11:08 На русском

«Россиядагы кыргыз жигит жумушунан качып, ээн талаада жашап жүргөн»: Мигранттын жашоосунан. Видео

Бакыт Садиров (сол жакта)
Бакыт Садиров (сол жакта)

Turmush -  44 жаштагы Бакыт Садиров 9 жыл мурун Россиянын Приморск крайына караштуу Уссурийск шаарына иштегени барып, ошол жерде отурукташып калган. Ага чейин Кыргызстанда мугалим болуп иштечү.

Алгачкы жолу Россияга барганда базарда соодагер болуп эмгектенген. Учурда Уссурийск шаарындагы кыргыз диаспорасынын башчысы. Ал Россияда башынан өткөргөн күндөр жана кыргыз мигранттарынын окуялары тууралуу Turmush басылмасына айтып берди.

Б.Садировдун айтымында, ал 2010-жылы Уссурийск шаарында кыргыз мигранттарынын башын бириктирип, жардам берүү максатында кыргыз диаспорасын түзгөн.

«Мугалимдин базарга чыгып иштеши кыйын экен. Базарда кээде кардарларды алдаганга туура келип, ал жакта иштегим келбей калды. Куруучу болуп иштейин десем ал-күчүм жетпей, ай сайын ОМОН (милициянын атайын багыттагы бөлүгү) кармап кетип, жүдөттү. Анан кайра базарда соода кыла баштадым.

Базарда иштеп жүргөндө кызым ооруп калып, кыргызстандык мигранттар дароо жардам бере калышты. Ошондо мигранттардын түйшүгүн чогуу чечишибиз керек экен деген ой келип, кыргыз диаспорасын түптөдүк. Бүгүнкү күндө диаспора “жүк 200”, документ тууралоо, жумуш менен камсыз кылуу маселелерин чечип келет. Мугалим болгондуктан бардык нерсени жүрөгүм менен кабыл алып, өлүкканага кирген сайын кыйналам. Ал жерде иштеген кызматкерлердин сөзүн да укпай, маркумдун бала-чакасын, ата-энесин көз алдымдан өткөрүп тура берген учурлар болот. Жакында эле курулуш тармагында иштеген кыргыз жигит оорусунан улам каза болду. Анын сөөгүн Кыргызстанга салдык.

Каза болгон адамдын сөөгүн экспертизадан өткөрүп, табытка салганга чейин 9 жыл мурда 28 миң сом сарпталса, бүгүнкү күндө чыгым 60-63 миң сомду түзөт. Маркумдун сөөгү кичи мекенине учак менен жеткирилгенде 100 миң сомго чейинки каражат керектелет», - дейт Бакыт Садиров.

Анын айтымында, соңку 3 жылдагы статистика боюнча Приморск крайында 17 миң кыргыз мигранттары бар. Ал жакка биринчи барып, жайгашып калган кыргызстандык мигранттардын жашап жатканына 25 жылдан ашты. Приморскто 14 улуттун өкүлдөрү жашагандыктан баары ээн-эркин. Б.Садиров кыргызстандыктардын балдары ал жактагы мектептерди артыкчылык аттестат менен бүтүрүп, кыргыздар тууралуу жакшы ой калтырып жатышканын айтты.

«Кыргызстандык мигрант аэропортко келгенде эле ал адам тууралуу баарын билип алабыз. Жумуш таап, көчөдө калбагандай шарт түзүп беребиз.

Бир жолу кыргыз жигит Россияга келип, тааныбаган адамдар менен курулуш тармагында иштеп калат, тилди да билбейт экен. Кыйналып кеткендиктен жумушунан качып кетип, ээн талаадагы бир үйдө жашап жүрүптүр. 5-6 километр алыста жайгашкан үйлөргө барып, үй ээлеринин иштерин жасап берип, курсагын тойгузчу экен. Жергиликтүү тургундар милицияга кабар беришсе, эч кимге зыяны тийбесе жашай берсин деп коюшуптур. Бир айдан кийин ал жигит тууралуу билип, таап, эки ай бир жерде иштегенден кийин Кыргызстанга жөнөттүк.

Дайынсыз жоголгон, тирүүсү же өлгөнү билинбеген адамды издөө кыйын. 8 жылдан бери бир баланы издеп жатабыз. Жакындарынын үмүтү менде гана болгондуктан аны табууга бардык күчүмдү жумшап жатам. Кээде жоголуп кеткен адамдарды тапсам аларды кучактап, кышында тапсам үстүмдөгү кийимимди чечип берип, тамактандырып, жакындарына тапшырам. Бирок тирүү деп күтүп жаткан адамдын сөөгү табылса, кыйын болот экен. 3 ай бир өзбек баланы издеп, анын денесин талаадан тапканбыз», - деди Б.Садиров.

Ал кыргыздардын бешик той, үйлөнүү тойлордогу каада-салттарын башка улуттун өкүлдөрү көргөндө таң калышарын билдирди.

«Приморск крайындагы кыргыз мигранттар ынтымактуу, тынч жашайбыз. Үй-жай куруп, отурукташып, өзүбүздү эркин сезип калганыбыз менен баары бир мекенибизге кайтабыз деген тилек менен жашайбыз. Кээде өкүнүп же сүйүнгөндө ыр же эссе жазып калам», - дейт Бакыт мырза.

Ал үй-бүлөлүү, 4 баланын атасы. Россиянын жарандыгын алган. Өзү Ош шаарында төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×