Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусу, Кара-Балта 22.07.2019 15:54 На русском

Сүрөт — Аракка ууланып каза болгон 7 жаштагы баланы акыркы сапарга узатып жатышат

Turmush -  Кара-Балта шаарында алкоголго уулануунун кесепетинен каза болгон 7 жаштагы Юрийди акыркы сапарга узатуу иш-чарасы өтүп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.

Маалым болгондой, иш-чараны мэриянын, Сосновка айылындагы чиркөөнүн өкүлдөрү уюштурду. Ага Юрийдин агасы менен апасы катышып жатат. Бала Кара-Балта шаарындагы көрүстөнгө коюлат.

Юрийдин 15 жаштагы агасы А.П. Жайыл районунун Бекитай айылындагы фермада иштейт.

Окуя тууралуу:

Буга чейин Жайыл райондук аймактык ооруканасынын кайра жандандыруу бөлүмүндө бир жумадан бери 7 жаштагы бала комада жаткандыгы белгилүү болгон.

Маалым болгондой, бала ооруканага 12-июлда Ставрополовка айылынан эс-учун жоготкон абалда түшкөн. Балага жасалма дем алдырып жатышкан. Оорукананын башкы дарыгери Болот Майканаев баланын абалы туруктуу оор экенин айткан болчу.

«Баланын абалы оор бойдон калууда. Оорукана өзүнүн эсебинен анын башын томографиядан өткөрдү, анын жыйынтыгында баланын баш мээси шишип кеткени аныкталды. Балким ал алкоголдук уулануудан улам болгон», - деген ал.

Балага медицина кызматкерлери жана кайдыгер эмес адамдар түтүкчө аркылуу тамак берип жатышкан.

«Бүгүн тооктун этинен шорпо жасап келип, түтүк аркылуу бердим. Ага тамак жана дары-дармек алып келген мен эле эмесмин. Көптөгөн адамдар аны карап жатышат. Менин угушумча апасы аны оорукананын жанына таштап, өзү аялдамада аны алып кетишкенге чейин карап турган. Медициналык кызматкерлер аны дароо кайра жандандыруу бөлүмүнө киргизишкен. Дарыгерлер ал комада экенин жана алкоголго ууланганын аныкташты», - деген мээрман айымдардын бири.

Бала ооруканага түшкөндөн кийин укук коргоо органдарына, соцкызматкерлерге маалымат берилген.

«Апасы спирт ичимдигин көп ичери белгилүү болду. Алар Жайыл районунда турушат, туруктуу жашаган жери жок. Аялдын дагы 15 жаштагы өспүрүм баласы бар экени белгилүү болду», - деген Жайыл райондук социалдык коргоо бөлүмүнүн үй-бүлөнү жана балдарды колдоо бөлүмүнүн башчысы Айчүрөк Чокушева.

Окуянын чоо-жайын Ставрополовка айылынын тургундары айтып беришкен.

Алардын айтымында, маркумдун апасы уулдары (15 жаштагы жана көз жумган 7 жаштагы бала) менен Ставрополовка айылында жашап жаткан. Ал 38 жашта, дайыма спирт ичимдигин ичет. Ал биринчи никесинен балдары бар киши менен жашайт.

«Ошол күнү аларга достору келген экен. Алардын баары спирт ичимдиктерин ичип отурушкан. Чоңдордун бири үй ээсинин 7 жаштагы баласына алкоголь ичирген. Ал эс-учун жоготкондо башына соккулап, эсине келтирүүгө аракет кылышкан. Андан кийин бала ооруканага түшүп калган. Айыл эли окуя тууралуу билишкенден кийин анын апасынын жана чогуу жашаган кишинин аракетин сынга алышты. Ал эми анын 15 жаштагы баласы Казакстанга иштегени кеткен», - дешкен айылдын тургундары.

Кылмышка шектелген адам кармалган:

22-июлда Чүй ОИИБден Юрийдин алкоголго ууланып каза болушу боюнча кылмышка шектелген адам кармалгандыгын билдирген.

Маалыматка караганда, 12-июлда Жайыл РИИБге аймактык ооруканадан жаш бала алкоголго ууланып түшкөндүгү боюнча маалымат жеткен. Бала 20-июлга чейин өзүнө келбей жатып каза болгон. Аталган факт боюнча териштирүү жүргүзүлүп, каза болгон бала 2012-жылы туулган П.Ю. экендиги такталган. Бул боюнча тиешеси бар бир катар адамдар суракка алынды. Жыйынтыгында мурда Жазык кодексинин 137-беренеси (өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү) боюнча козголгон кылмыш иш 138-беренеге (ден соолукка оор зыян келтирүү) алмаштырылды.

Иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка шектелип 31 жаштагы А.П. (баланын апасы менен чогуу жашаган 60 жаштагы адамдын уулу) кармалды. Азыркы учурда кармалган адам камакка алынып, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Иликтөө иштери жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×