Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусу, Кара-Балта 28.06.2019 09:16

Бүгүн кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүшү ыктымал

Turmush -  Бүгүн, 28-июнда күндүз кээ бир тоо этектеринде жана тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөшү ыктымал. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, өрөөндөрдө жаан-чачын күтүлбөйт. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 метр секундга жетет.

28-30-июнь күндөрү абанын температурасынын жогорулашына байланыштуу республикадагы дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн. Тоолуу жана тоо этектериндеги райондордо сел жүрүшү ыктымал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×