Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусу, Кара-Балта 21.06.2019 17:33

«Оозунан ак көбүк чыгып жыгылды...»: 21 жашында жесир калган Гүлзамиранын тагдыры

Turmush -  22 жаштагы Гүлзамира Такелова Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын тургуну. Ал учурда апасы Сымбат жана 1 жаш 10 айдагы Эльхан, 6 айлык Алинур аттуу уулдары менен батирде жашайт.

Жолдошу Жекшенбек 2018-жылы каза болгон. Ошондон бери наристе эки уулун багып, талаа жумуштарында жалданып иштеген 42 жаштагы апасынын кароосунда күн кечирет. Анын жаштайынан татаал турмуш торуна түшкөн тагдыры, жокчулуктан жашын төккөн оор күндөрү менен аймактык кабарчы таанышты.

«Атам Таалай 40 жашында оорусунан каза тапты. Анда мен 18 жашта элем. Үй-бүлөдөгү жалгыз кызмын. Бирок турмуштун кыйынчылыгынан 9-классты эле бүтүп, андан ары окуумду уланта албадым. Турмушка эрте чыктым. Учурда эки уулум бар. Улуусу Эльхан 1 жаш 10 ай болду. Кичүүсү Алинур 6 айга эми толот. Али тили чыгып, буту баса элек балдарымды багууда күндөлүк жашоомдо өтө кыйналып келем.

Апам Сымбат таң эрте талаа жумушунда жалданып иштеп, бир аз тыйын-тыпыр таап келет. Ал тамак-ашыбыздан деле ашпайт. Ал эми жаан-чачын күндөрү талаа жумуштары токтойт эмеспи. Ошондо кадимкидей кыйналабыз. Кээде өз тагдырыма нааразы болуп, апама көрсөтпөй көз жашымды төгүп алам. Бирок апам дароо сезет, билет. Биз бири-бирибиздин көз карашыбыздан эле түшүнүп алабыз. Ооба, айрым учурларда кичүү уулума сүт алып берүүгө да зар болобуз.

Али жашмын. Болгону 22 жаштамын. Келечекте жакшы күндөр күтүп жаткандыр. Кош канатымдай болгон уулдарым жетилсе эл аралай баскан күндөр келет. Ошентсе да, убактылуу кыйынчылыктарды көз жашымдан чыгарып келем. Башка эч аргам да, айлам да жок. Кайын атам Россияда эмгектенет. Өгөй кайын энем бар. Кээде неберелерине акча жөнөтүп, жардамын көрсөтүп турчу эле. Акыркы 4 айдан бери ал-акыбалыбызды сурабай да койду. Тескерисинче, туугандардын айтымында жакында келип, үйдөн бизди чыгарат экен. Үй кайын атама таандык. Анда биз кайда барабыз? Ар түрдүү ойлорго чалынам. Акылым жетпей келет.

Балдарыма жөлөк пул деле албайм. Жергиликтүү бийликке кайрылсам жетиштүү жооп ала албайм. Тигил жакка мынча, бул жакка мынча сом төлөө керек дешет. Менде жол киреге да акча жок да. Өткөндө борбордук мечитке бардым. Үй-жайлуу болуу жөнүндө сурамжыладым. Документтерим туура эмес экендигин айтышты. Туура, бирок үйдөн эч жакка чыга албай күн өткөрүп келем. Апама балдарымды каратып, тийиштүү кагаздарды даярдоого белсенем. Бирок ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңип турат», - деди ал.

Гүлзамира Такелова: «Апам бир эле күн жумушка чыкпаса ачка каларыбыз шексиз. Бул күндөр да өтөр. Негизи уулдарым оорубай эле жетилсе болду. Мен ошону кудайдан миң мертебе суранам. Мүмкүн жолдошум каза болбогондо мындай турмуш тозогуна түшпөйт элем. Ал да талаа жумушунда жалданып иштечү. 2 жолу жол боюнда оозунан ак көбүк чыгып жыгылганын жолдоштору айтып жүрүшөт. Биринчисинде ооруканага жатып, сакайып чыккан. Экинчи жыгылганда тез жардам келип, артынан мен да баргам. Оорусу күчөп кеткен экен. Тез эле каза болуп калды. Кичүү уулумду көрбөй кетти байкушум... Ал 6 айлык боюмда калган. Өзүмдүн да, балдарымдын да атасыз калганы кабыргамды кайыштырат.

Турмуштун ак-карасын толук айрып тааный элегимде оор тагдыр торуна түштүм. Ошол тор ичинде өзүм менен өзүм болуп жашап келем. Ушул турган көчөгө да чыга албайм. Бири ыйласа, экинчиси кошулуп жүрөгүмдү эзишет. Эми үйүбүз деле урап түшкөнү калды. Оңдоп-түзөөгө каражатыбыз, күчүбүз, мүмкүнчүлүгүбүз да жок. Буюрганын көрөрбүз. Апамдын ден соолугун жараткандан жалдырап суранам. Күндөлүк жашообуздун жибин үзбөй келе жаткан апам да. Бизге эч ким деле жардам көрсөтө элек. Өз күнүбүздүн арабасын өзүбүз түртүп жүрөбүз», - деп кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×