Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусу, Кара-Балта 18.06.2019 14:20

Кара-Балтада ишкана өрттөнүп жатат. Видео

Turmush -  Кара-Балта шаарында ишкананын имараты өрттөнүп жатат. Бул тууралуу окуянын күбөлөрү билдирип, тартып алган видеолорун жөнөтүштү.

Шаардыктардын айтымында, шагыл майдалаган ишкана өрттөнүп, тилсиз жоо болжол менен саат 13:00дө башталган.

ӨКМдин басма сөз кызматынын алдын ала маалыматтарына караганда, өрт Жайыл районунун Сары-Булак айылында катталган. Кырсык куткаруучуларга саат 13:15 чамасында кабарланган. Учурда окуя болгон жерде 1 өрт өчүрүүчү команда иштеп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×