Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусу, Кара-Балта 10.06.2019 10:00 На русском

Сания Шакированын апасы Насиба: Күнөөкөр 400 миң сом айыпты төлөгөн жок

Turmush -  Жол-транспорт кырсыгында каза болгон Сания Шакированын апасы Ысык-Көл облустук сотунун коллегиясынын чечимине апелляциялык даттануу келтирет.

Насипа Мамбеталиева Turmush басылмасына берген комментарийинде билдиргендей, 2-июнда кызы Сания Шакированын көз жумганына бир жыл болгондугуна байланыштуу ашын өткөрүштү. Бул күнү Саниянын ата-энесинин үйүндө көптөгөн адамдар чогулду.

«Атайын эч кимди чакырган эмесмин. Тааныштар жана тааныбаган адамдар дагы келип, менин кайгымды тең бөлүшүп, Санияны эскерүү үчүн келишти», - деди Н.Мамбеталиева.

Ал бир жылдын ичинде дагы бир оор жоготууну башынан өткөргөн. Кызы каза болгондон кийин жолдошунан дагы ажырады. Учурда 62 жаштагы Н.Мамбеталиева кызынын 8, 10, 12 жаштагы балдары менен жашап жатат.

«Балдарды тарбиялоо жоопкерчилиги менин мойнумда. Үч баласын мен камкордукка алгам. Пенсионер болсом дагы иштөөгө туура келип жатат. Неберелеримди багуу үчүн учурда кызымдын ишин улантып, ишкерчилик менен алектенип жатам», - деди Саниянын апасы.

Ал кызынын өлүмүнө күнөөлүү болгон киши тиешелүү жазага тартылбаганына өкүнөт.

«Ал мас абалында башка бирөөнүн унаасын саатына 150 чакырым ылдамдыкта айдап бара жаткан. Кызымдын өлүмү боюнча эки соттук процесс болду — Ысык-Көл райондук соту айыпталуучуну 10 жылга кесип, моралдык зыян катары 2 млн сом айып салган. Ал апелляциялык даттануу келтиргенден кийин Ысык-Көл облустук соту аны 5 жылга эркинен ажыратып, моралдык зыян катары 400 миң сом төлөө чечимин чыгарган. Бирок ал моралдык зыянды, кызымды акыркы сапарга узатуудагы чыгымдарды дагы төлөгөн жок.

Анын үй-бүлөсү жана өзү дагы бизди тоготпой жатат. 2019-жылдын сентябрь айына чейин Жогорку сотко даттанууга убактым бар. Жол кырсыктын күнөөкөрүнөн мага эч нерсенин кереги жок, болгону тиешелүү жазасын алса дейм. Президентке кат жазып, адилеттүү чечим болушун көзөмөлдөөнү өтүндүм», - дейт Саниянын апасы.

12-июнда Сания Шакирова 32 жашка толмок.

Окуя тууралуу:

2018-жылы 2-июнда саат 22:00 чамасында Каракол—Чолпон-Ата—Балыкчы унаа жолунун 52-чакырымында, тактап айтканда Чок-Тал айылынын аймагында жол кырсык болгон. «Равон Нексия Р3» үлгүсүндөгү унаа жолдун четиндеги мусулмандардын көрүстөнүндөгү пескоблоктон тосулган тосмону сүзүп, жараксыз болуп талкаланган. Бул унаадан бир адам (аял киши) каза болуп, эки эркек киши жаракат алган.

Окуя болгон жерде көз жумган жүргүнчү Кара-Балта шаарынын 1987-жылы туулган тургуну, 3 баланын энеси Сания Шакирова экендиги такталган. Анын жанындагы жүргүнчү Р.С. Чолпон-Ата шаардык ооруканага жеткирилип, дарыгерлер баш сөөгүнөн жаракат алган, баш мээси чайкалган, бети тытылган деген корутунду чыгарышкан. Р.С. биринчи медициналык жардам алгандан кийин Бишкекке кеткен. Ошондой эле автоунаанын айдоочу К.Ч. да Бишкектеги ооруканага жеткени маалым болгон.

Жол кырсык боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 281-беренесинин (транспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды пайдалануунун коопсуздук эрежелерин бузуу) негизинде кылмыш иши козголгон.

Айдоочу К.Ч.нын көрсөтмөсүндө «Равон Нексия Р3» унаасы Тимур аттуу досуна тиешелүү болгон деп билдирген. Ал 31-майда С.Шакирова жана С.Р. менен чогуу Чолпон-Ата шаарына эс алууга барган. Ушул жерден К.Ч. досу Тимур менен автоунаасын алмашып, 2-июнда болжол менен саат 20:30 чамасында Бишкек тарапты көздөй багыт алган.

Ысык-Көл райондук соту Сания Шакированын өлүмү боюнча айыпталып жаткан Чыңгыз Кондубаевди транспорттук каражаттарды башкаруу укугунан 3 жылга ажыратуу менен 10 жылга камакка алуу чечимин чыгарган. Мындай өкүмдү 2018-жылы 13-сентябрда судья Айнура Шаршенбиева окуган болчу.

Чыңгыз Кондубаевдин жактоочусу Ысык-Көл райондук сотунун 2018-жылдын 13-сентябрындагы өкүмүнө макул болбой, Ч.Кондубаевдин жаза өтөө мөөнөтүн 9 жылдан 5 жылга чейин төмөндөтүүнү өтүнүп, облустук сотко кайрылган.

Ысык-Көл облустук соту 2019-жылдын 1-февралында иштин материалын карап чыккан. Эки тараптын пикирин уккандан кийин райондук соттун чечимин өзгөртүүнү, ошондой эле Ч.Кондубаевди КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 135-297-беренелеринин негизинде эркинен ажыратып, 2 жыл транспорттук каражаттарды башкаруу укугунан ажыратуу чечимин кабыл алган. Мындан тышкары жабырлануучунун үй-бүлөсүнө 400 миң сом өлчөмүндө моралдык зыян төлөп берүү чечимин чыгарган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×