Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусу, Кара-Балта 10.06.2019 09:13

Тагдыр: Сүйүү эмне экенин билбейм, - 59 жаштагы Николайдын жашоосу

Turmush -  59 жаштагы Николай Сашнин Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын тургуну. Ал тубаса майыптыгынан өмүрүн майып арабада өткөрүп келет. Балалык, жаштык кездерин эскерет. Учурдагы жашоосун армандуу күндөр катары эсептейт.

Майып болгондугунан мектепте билим албай калгандыгын, сабатсыздыгын айтат. Сыналгыдан гана дүйнө таанып, жаңылыктар менен таанышканын, кызыктуу кинолордон сүйүү жөнүндө билгенин баяндайт. Бирок өз өмүрүндө махабат эмне экенин сезбей жашап келе жатканын сөз кылат. Анын жашоосу, жарым кылымга тете өмүрүн майып арабада өткөрүп келе жаткан татаал турмушу менен аймактык кабарчы таанышты.

«Москва шаарында төрөлгөм. Атам Иван 1980-жылы каза болгон соң, апам Тамара улуу агам Виктор экөөбүздү ээрчитип Кыргызстанга келген. Ошондон бери Кара-Балта шаарында жашап келем. Апамдын каза болгонуна туура 5 жыл болду. Мен үйдө жалгыз жашайм. Бирок агам жакын жашагандыктан дайыма көмөк көрсөтүп турат. Тагдырга баш ийүү керек тура.

Биринчи топтогу тубаса майыптыгым боюнча 3 миң сом жөлөк пул алам. Ал жетпейт деп деле нааразы боло бербейм. Кээде кыйын күндөр да болот. Буттарым ооруп, учурда алсыз. Өз бутумду өзүм көтөрө албайм. Көчөдө жүргөн адамдарды көрүп арман кылам. Жашынып үйгө да кирип кеткен күндөрүм болду.

Сыналгыдан сүйүү жөнүндө кино көрүп, махабат, сүйүү эмне экендигин ойлойм. Өз башымдан өткөн эмес да. Өмүр бою эле арабада отурсам. Кээде көчөгө чыгып, жеңем терип берген малиналарды сатам. Тамга тааныбаганым менен акчаны жакшы эсептейм. Алар мага өтө ишенишет. Бир тыйынды да короткум келбейт. Тамеки тарпасам, спирт ичимдигин ичпесем, курсагым ток болсо мага акчанын кереги деле жоктой. Бирок кардар келгенде бир тыйынын да түшүрбөй сатам. Алар деле мени көрүп, соодалашып отурбайт. Жашым деле улгайып калбадыбы. Ошондой болгон күндө да ар бир адамда арман болот окшойт. Элдей болуп үй-бүлө күтүп, балдарымды эркелетип отурсам гана. Эми ал күндөр болбойт. Өз жашоомо өзүм нааразы да, ыраазы да болуп келем», - деди ал.

Николай Сашнин 20 жылдан бери майыптардын жаңы арабасына жетпей жүргөнүн кошумчалады.

«Бул эскилиги жетип, көчөгө чыксаң кыйчылдап кулак-мээңди алат. Тээ союз учурунда бизге окшогондорго жардам берилчү. Азыр билбейм. Жыл өткөн сайын картайып барам. Күчүм кетип алсызмын. Кол күчүн талап кылбаган мотору бар араба болсо, өмүрүмдүн аягына чейин жетет беле.

Өзүмдүн жөлөк пулум дары-дармектен эле ашпайт. Тамак-аш, кийим-кече агамдын мойнунда. Өз балдары менен кошо мени да багып, карап келет. Билбейм, өмүрүмдө жакшы менен жамандын, ак менен каранын айырмасын тааный билсем да, сүйүү менен махабаттын, бала менен неберенин жытын сезбей кетип жаткан жашоомду армандуу деп эсептейм», - деди Николай Сашнин.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×