Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусу, Кара-Балта 03.05.2019 15:36 На русском

Кара-Балтадагы эң кары адам — 102 жаштагы Анастасия Москаленко дүйнө салды

Turmush -  21-апрелде Кара-Балта шаарында эң кары адам — Анастасия Степановна Москаленко дүйнө салды.

Анастасия Москаленко 1917-жылы туулган. Ушул жылдын 7-мартында ал 102 жашка толгон. Акыркы күндөрү чоң апа кан басымы тез-тезден көтөрүлүп, жүрөк оорусу тынчсыздандырып жаткандыгын айтып келген.

Анастасия Москаленко жылгыз жашачу, балалуу да болгон эмес. Тамак жасоого, базардан тамак-аш алып келүүгө кошуналары жардам беришчү. Ал эми коммуналдык кызматтардын акысын алууга социалдык коргоо бөлүмүнүн кызматкерлери келишчү. Кошуналарынын айтымында, Анастасия Москаленко өмүрүнүн акырына чейин эс-тутуму тунук, ак көңүл бойдон калган. Эл менен тил табышып сүйлөшө билген адам болгон. Майрам сайын андан генерал-лейтенант Б.Субанбеков жана милиция кызматкерлери кабар алып турушкан. Күйөөсү Фотий Москаленко Калинин районунун ички иштер бөлүмүнүн биринчи жетекчиси болгон.

Анастасия Степановнанын кичи мекени — Поволжья (Россия). Чоң үй-бүлөдө чоңойгон. 8 бир тууган болгон — 4 кыз, 4 эркек. Поволжьянын аймагында ачкачылык башталганда Анастасия болгону 16 жашта болгон. Чоңдор менен жарышып кичинекей балдар дагы тамак үчүн иштешкен. Бирок алар кыйынчылыктан кутулушкан эмес. Мындан улам Анастасия Москаленконун үй-бүлөсү үйүн, айылын жада калса Россияны таштап кетүүгө мажбур болушкан. Алар жан багуу үчүн Фрунзе шаарына келишкен.

Анастасия Москаленко Космонавтов кварталында жашаган. Кара-Балта шаарына күйөөсү Фотий Москаленко менен чогуу 1954-жылы келген.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×