Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусу, Кара-Балта 08.03.2019 18:40

Кара-Балтадагы 102 жаштагы Анастасия апа катары менен 2 майрамды белгиледи (сүрөт)

Turmush -  Кара-Балта шаарынын тургуну Москаленко Анастасия апа 7-март күнү 102 жашка чыкты.

Анастасия Степановна Кара-Балта шаарынын эң улуу тургуну. Аны 8-март майрамы менен жана туулган күнү менен куттукташты.

Анастасия апанын өзүнүн айтымында, акыркы учурда кан басымы бат-баттан көтөрүлүп, жүрөгү ооручу болду. Үйдө жалгыз жашайт. Азык-түлүк алууга, коммуналдык кызматтардын акысын төлөөгө кошунасы жардам берет.

Анастасия Степановна 1917-жылы Россиянын Поволжье аймагында төрөлгөн. 8 бир тууган болгон. 16 жашында Поволжьеде ачарчылык болгон. Алар туулган жерин таштап Фрунзеге келишкен. Кийин 1954-жылы жолдошу Фотий Москаленко экөө Кара-Балтага туруп калышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×