Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусу, Кара-Балта 07.03.2019 12:22

Айыл турмушу: М.Шаршембиева «Ленинчил жаш» гезитине чыккандан кийин артынан погончондор түшүшкөн

Turmush -  КРдин билим берүүсүнүн мыктысы, «Ардактуу инсан», «Кыргыз тили» төш белгилеринин ээси Мария Шаршембиева Кара-Балта шаарынын тургуну. Ал Жайыл районундагы Кара-Суу айылында төрөлгөн. Учурда аталган шаардагы балдар бакчасында кыргыз тили сабагынан берет. Жашында айылдык кыздардай эле элеттик мектептен билим алган. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Ал мезгилде орто мектепти аяктаган жаштар жогорку окуу жайына топтолушуп тапшыруу өзүнчө салт эле. Мен алгач мединститутка тапшырып, сынактан кулап калгам. Айылга келип, райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысына өзүм кирип баргам. Ал "кел, кызым. Сатыбалды аксакалдын кызы турбайсыңбы? Атаңды район сыйлайт. Мугалим болгуң келеби? Такылдаган тың кыз экенсиң. Үйүңө бара бер. Өзүм кабар айтам" деген. Эртеси директор агай мектепке чакырды. Барсам "сени мугалимдикке алалы дедик. Арыз жазып бер" деп актай кагазды алдыма таштаган. Ошондо уялганымды айтпа. Болгону 16 жаштамын. Көрсө, ал мезгилде айылдарда мугалим жетишсиз экен. Мага окшошкон мектепти жакшы окугандар мугалим болушкан тура», - деди ал.

Жыл өткөн соң В.Маяковский атындагы кыз-келиндер пединститутуна тапшырат. Кыргыз тили жана адабияты бөлүмүнө студент болуп кабыл алынат. Ошондогу жашоосундагы өзгөрүүнү мындайча эскерет: «Экзаменди ийгиликтүү тапшырдым. Сыртка чыксам фотоаппарат көтөргөн киши "сени сүрөткө тартам. Гезитке чыгарам. Сынакта жакшы жооп бериптирсиң" десе болобу. Мен чочуп кеттим. Таң калдым. Көрсө "Ленинчил жаш" гезитинин кабарчысы экен. Ошентип, сүрөтүм менен гезитке чыккам. Ошондон кызык башталбадыбы. Бир күнү көчөдө кыздар менен кетип бара жатсак 2 милиционер жигит артыбыздан ээрчип алды. Чындыгында корктук. Биз, айылдан баргандар "милиция кызматкерин ууру, кылмышкер кармаган адам катары түшүнөт элек. Алар бизге жетип келишип "кыздар, токтогулачы. Бул "Ленинчил жаш" гезитиндеги сүрөттөгү сиз да" деди бири. "Сиз жөнүндө мактап жазыптыр. Мен Панфилов районунан болом. Атым Кумарбек. Таанышып алалы. Сизди издеп жүргөнбүз" деп колун сунду. Корктум. Бир чети сүрдөдүм. Кийин биз жакшы мамиледе болуп кеттик. Кез-кезде кинотеатрларга бардык. Ошентип экөөбүз баш коштук», - деди.

Мария Шаршембиева 2 кыздын ардактуу энеси, 7 небереси бар. Ал Кара-Балта шаарындагы «Нур-Бешик», «Золотой петушок» жана «Малыш» балдар бакчаларында кыргыз тили сабагынан билим берет. Балдар дүйнөсүнө аралашып, жаштыгын, окуучулук күндөрүн эскерет.

«Негедир балдар менен жашоо өзүнчө ырахат. Алардын дүйнөсү таза, дили ак, сезими тунук. Башка улуттун балдары кыргыз тилин сүйүшөт. Мына, 43 жылдан бери билим майданындамын. Агартуу тармагы дилиңди, оюңду агартат тура. Мектепте окуп жүргөндө поэзия саптарын жаратып, "Кыргызстан пионери" гезитине айрым ырларым жарыяланган. Ырым алгач жарык көргөндө эч кимге көрсөтпөй сумкама салып жүргөн күндөр да болгон. Анда уялган окшойм. Ошондо акын болуу ойлорум жашап да жүргөн.

Кыздарымды ээрчитип, неберелеримди жетелеп майрамдарга чыксам менден өткөн бактылуу адам жоктой. Өмүрүм билим берүү тармагына сиңип калды. Балдарсыз жашоомду элестете албайм. 8-март — Аялдардын эл аралык майрамында ар бирине гүл бергим келет. Жазга жанашкан майрамдын шаңы, көркү балдар менен ачылат», - дейт Мария Шаршембиева.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×