Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Чүй облусу, Кара-Балта 16.01.2019 14:12 На русском

Кара-Балтанын борборунда жол кырсык болду (сүрөт)

Turmush -  Бүгүн, 16-январда Кара-Балта шаарында жол кырсык болду. 8-март көчөсүндө «Ауди» жана «Фольксваген» үлгүсүндөгү унаалар сүзүшкөн.

Экинчи унаанын жүргүнчүсүнүн айтымында, түндүктөн түштүктү карай бара жатышканда айдоочу унааны солго бурган. Ошол учурда артында бара жаткан «Фольксваген» сол жактан алдыга чыгып, эки унаа сүзүшкөн. Анын кесепетинен экинчи унаа оодарылып, жолдун четине кулаган. Анын айдоочусу жаракат алды.

Учурда окуяга байланыштуу тактоо териштирүү иштерин тиешелүү органдардын өкүлдөрү жүргүзүп жатышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×