Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 18.11.2018 14:53 Жаңыланды: 19.11.2018 10:03

Фото – Издөөдө жүргөн кылмышкерди кармоодо милиционер октон жарадар болду

Turmush -  Изделип жаткан 1986-жылы туулган Т.Шатмановду кармоо максатында 2017-жылдын 11-мартындагы адам өлтүрүү фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында Кара-Балта шаарындагы үйлөрдүн бирине тинтүү иштери жүргүзүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Жайыл РИИБдин кызматкерлери «Хонда Аккорд» унаасында 1992-жылы туулган М.Н. жана 1991-жылы туулган А.Э. аттуу тааныштары менен Сосновка айылына бара жатып, саат 01:40 чамасында жолдо токтоп турган «Хонда Одиссей» унаасын көрүшкөн. Анын ичинде 10-12 жаштардагы бала болгон. Айдоочу 1989-жылы туулган А.Сулаймановго таандык күбөлүгүн көрсөткөн.

Жайыл РИИБдин кызматкерлери анын мал уурдоого катыштыгы бар же жогун аныктоо максатында айдоочуга РИИБге барууга сунушташкан. Унаага М.Н. жана А.Э. отурган. Жолдон айдоочу менен А.Э. мушташа кетип, айдоочу тапанчасын алып чыгып, атып жиберген. Андан кийин унаа менен окуя болгон жерден качып кеткен.

Аталган факт РИИБдин каттоосуна алынып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 28-97-беренелери менен кылмыш иши козголгон. Оперативдүү иш-чараларынын жүрүшүндө айдоочунун өздүгү аныкталып, ал 1986-жылы Жалал-Абад облусунда туулган Т.Шатманов экендиги аныкталган. Ал буга чейин бейбаштык жана каракчылык боюнча бир нече ирет соттолгон. Ага издөө жарыяланган болчу.

18-ноябрда эртең менен Чүй ОИИБдин кызматкерлери аталган кылмыштын бетин ачуу максатында бир нече оперативдүү издөө иштерин жүргүзүшкөн. Анда аталган жарандын кайда жүргөнү боюнча маалымат түшкөн. Укук коргоо органдарынын кызматкерлери Кара-Балта шаарында тинтүү иштерин жүргүзүп, анын алкагында Т.Шатманов укук коргоо органдарына каршылык көрсөтүп, ок атуучу курал колдонду.

Аны кармоо учурунда ИИМдин «Шумкар» полкунун кызматкери октон жаракат алган. Ошондой эле шектүү дагы жарадар болуп, экөө тең Кара-Балта шаарынын аймактык ооруканасына жеткирилген.

Учурда Т.Шатманов Ош шаарындагы каракчылык, Бишкек шаарында укук коргоо органдарынын кызматкерин өлтүрүү сыяктуу бир нече оор кылмыштарга шектелүүдө.

Маалым болгондой, 2016-жылы 5-августта Т.Шатманов тарапташтары менен ок атуучу курал жана бычак алып, Ош шаарында жашаган 1962-жылы туулган Н.И.нин үйүнө кирип, акча алуу максатында каракчылык кылышкан соң окуя болгон жерден качып кетишкен. Бул факт Ош ШИИБде каттоого алынып, КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Ошондой эле ушул жылдын 2-февралында Свердлов райондук ИИБдин кызматкерлерине Т.Шатманов шек жаратып, алардын документтерин көрсөтүү өтүнүчүнөн баш тартып, каршылык көрсөтүү менен кызматкерге кол салган. Ал окуя болгон жерден качып кеткен эле. Аталган факт каттоого алынып, кылмыш иши козголгон.

Учурда Чүй ОИИБдин кызматкерлери оперативдүү тергөө иштерин жүргүзүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×