Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 15.11.2018 17:34 На русском

Сүрөт: 37 жаштагы эне арак ичкени үчүн 5 айлык кызын алып коюшкан. Татьянанын версиясы

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы «Камкордук» аталышындагы рейд учурунда адеп-ахлаксыз жашоо өткөрүп, спирт ичимдиктерин үзгүлтүксүз колдонгон аял аныкталып, анын 5 айлык баласы ооруканага жаткырылган. Наристенин апасы окуя тууралуу өзүнүн версиясын айтып берди.

5 айлык Еваны ошол эле күнү кечинде үйүнө жеткиришип, бүгүн эртең менен наристе эмдөөдөн өткөн. Ал эми наристенин апасы — Кара-Балта шаарынын 1981-жылы туулган тургуну Татьяна 3 баланын апасы. Биринчи уулу Росияда аскер кызматын өтөп жатса, экинчи уулу Кара-Балта шаарындагы мектепте 7-класста окуйт. Ал эми кызы 5 айлык. Учурда ал кызынын атасы — 1958-жылы туулган Александр менен бирге жашайт.

10-ноябрь күнү жубайлардын ортосунда жаңжал чыгып, Татьяна кызы менен көчөгө чыгып кеткен. Жолдон таанышына жолугуп калып, экөө Татьянанын үйүнө барышкан.

«Тынчтануу үчүн кичине спирт ичимдигин ичкем. Күйөөм такыр арак ичпейт, ошондуктан ачууланып, "үйдөн кетип калам" деп коркутту. Аны кое бербей, коркутуп коюу үчүн 102 номуруна чалдым. Андан милиционерлер менен үй-бүлө жана балдарды колдоо бөлүмүнүн кызматкерлери келди. Алар эгер мен арак ичсем, мени "энелик укуктан ажыратабыз" деп коркутушту», - деди ал.

Татьянын күйөөсү Александрдын айтымында, үй-бүлөсүн толугу менен камсыздайт.

«Мен үй-бүлөмдү камсыздап, жубайым да, балдарым да эч нересеге муктаж эмес. Батир жылуу, тамак-аш бар. Окуядан кийин жубайым экөөбүз жакшы сабак алдык, ал эми ичпей калды. Милиция кызматкерлерине жана камкордук органдарынын өкүлдөрүнө убагында жардам бергени үчүн ыраазычылык билдирем», - деди ал.

Аталган үй-бүлө Жайыл райондук үй-бүлөнү жана балдарды коргоо бөлүмүнө каттоого алынган. Татьяна менен Александр 1,5 жылга жакын убакыттан бери бирге жашашат. Татьяна Кылмыш-жаза кодексиндеги 97-берене (адам өлтүрүү) боюнча эки ирет соттолгон. Биринчисинде акталса, экинчисинде абакта 4 жылга жакын отуруп чыккан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×