Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 10.11.2018 10:52 На русском

Кара-Балтанын футболчулары жаңы унаалуу болушту (сүрөт)

Turmush -  Кара-Балта шаарында «Мерседес Спринтер» үлгүсүндөгү кичи автобусту футболчуларга өткөрүп берүү салтанаты болду. Кичи автобус «FIFA Forvard» программасынын алкагында берилген. Аны расмий түрдө КР Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов, КР Футбол федерациясынын башкы катчысы Медер Сыдыков, Кыргызстандын Футбол лигасынын президенти Нурбек Атаканов тапшырышты.

«Кара-Балта» футболдук клубунун басма сөз катчысы Александр Карлов маалымдагандай, FIFA Forvard долбоорунун максаты — футболдун өнүгүшүн ар тараптуу колдоо, клубдардын инфраструктурасын жакшыртуу, анын ичинде транспорт каражаты менен камсыз кылуу.

Кичи автобус Топ-Лиганын 5-ноябрдагы акыркы беттешинде тапшырылды. Ошондой эле Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов Кара-Балта шаарындагы эски таарынды талаасынын ордуна жасалма газон төшөлгөн, 500 адамга ылайыкталган трибуналуу стадион куруу даярдыгы тууралуу айтып берди.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×