Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 02.11.2018 10:06

Акыркы суткада өлкө аймагында 6 өрт чыкты

Turmush -  Акыркы сутка ичинде республиканын аймагында 6 өрт кырсыгы катталды. Аларды өчүрүүгө 6 бөлүм жөнөтүлдү, деп билдирди бүгүн, 2-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы. Өрт кырсыктардан адамдар жабыркаган жок.

Чүйдөгү Кара-Балта шаарында турак үйдөн өрт чыгып, анын кесепетинен 24 чарчы метр чатыры күйгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.

Ошондой эле электр зымдарынын кыска туташуусунан улам Ысык-Көлдөгү Чолпон-Ата шаарындагы «Көгүлтүр Ысык-Көл» пансионатынын 3 фазалуу электр калканы күйгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×