Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 23-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 25.10.2018 08:52 На русском

Кырсык учурундагы видео: Бишкек—Кара-Балта жолунда жүк ташуучу унаалар бет маӊдай кагышты

Turmush -  Бишкек—Кара-Балта жолунун Москва районунун Беловодск айылындагы тилкесинде эки чоӊ жүк ташуучу унаа бет маӊдай кагышып, айдоочулар ооруканага жеткирилди. Бул тууралуу аймактык кабарчыга күбөлөр билдиришти.

Окуя 22-октябрда болжол менен саат 16:11 чамаларында болгон.

Алардын айтымында, «КамАЗ» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа алдындагы унаалардан ашып өтөм деп, карама-каршы тилкеге чыга калган.

«Ошол маалда өз жолунда кетип бара жаткан «ДАФ» үлгүсүндөгү унаа менен кагышты. «ДАФ» унаасынын айдоочусу — Ош облусунун Кара-Суу районунун тургуну С.Т.ны унаага кыпчылып калган жеринен күбөлөр чыгарышкан. Эки айдоочу тең Москва райондук аймактык ооруканага жаткырылды», - деп айтышты күбөлөр.

Бул кырсыкты Чүй облусунун ЖКККБсы тастыктап, жол кырсыгына кабылган айдоочулардын абалы жакшы болуп калганын билдиришти.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×