Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 23.10.2018 15:21

Чолпон менен Эламан Францияга барганда «Форсаждагы» Мишель Родригес комузга таң берди (сүрөт)

Turmush -  Чет элдик музыкаларды комузга салып, дүйнөгө таанылып келе жатышкан Чолпон менен Эламан жакында эле Германия менен Францияга барып, концерт коюп келишти.

Чолпон Мелисбекованын айтымында, концерт учурунда Голливуд жылдызы, белгилүү «Форсаж» тасмасында роль жараткан Мишель Родригес менен таанышкан.

«Голливуд жылдызы өзүнүн иштери менен барган экен. Кудайым буюруп, аны менен сүрөткө түшүп, бир аз баарлашып таанышканга жакшы мүмкүнчүлүк болду. Ал француз тилин билбейт экен. Котормочулар аркылуу англис тилинде сүйлөштүк. Биздин өлкөнү, музыкалык аспаптарыбызды сурады. Аябай кызыкты, таң калды. Жолдошум социалдык тармакка "Форсаждын" саундтрегин комуз менен ойношот деп, тамаша иретинде жазып койгон экен. Окурмандар аны дароо чын кабыл алышыптыр. Эгер бизди чакырса, саундтрегин деле чертип беребиз. Себеби, көп эле тасмаларга саундтрек катары комуздун күүсүн түшүрүп берген учурларыбыз бар. Жакында эле орустардын бир сериалына комузга чет элдик ырды салып жазып бердик», - деди ал.

Чолпон Европага Кыргызстандын Германиядагы элчилигинин чакыруусу менен барган.

«Европанын Германия жана Франция өлкөлөрүнө барып келдик. Тагыраагы, Берлин жана Париж шаарларында болдук. Улуу жазуучу Чыңгыз атабыздын 90 жылдык мааракесине карата чакыруу алган болчубуз. Ал жерде КМШнын бийлик башчылары жана көптөгөн чет элдик коноктор болду. Андан сырткары Берлиндеги кыргыз мекендештерге концерт коюп келдик.

Францияга кыргыз диаспорасы чакырышкан. Ал жакта Кыргызстан, Казакстан жана Франция таланттары менен биргеликте жакшы концерт уюштурулду. Кыдырган өлкөлөрүмдүн саны кудайга шүгүр, көп эле. 2003-жылдан баштап комузчулук өнөр аркылуу көптөгөн өлкөлөргө барып, фестиваль жана сынактарга катышып жатабыз.

Эӊ биринчи жолу Москванын эӊ чоӊ театрында Асанкан Жумакматов жетектеген чоӊ симфониялык оркестр менен маш ботой күүсүн аткаргам. Залкар комузчубуз Самара Токтокунова сахнага жетелеп чыккан. Ал эми устатым Ирина Сүйөркулова, консерваториянын ректору Бегалиев Муратбек ушундай ийгиликтерге жетишиме түрткү болду», - деди ал.

Чолпон Мелисбекова 1993-жылы 9-октябрда Кара-Балта шаарында төрөлгөн.

«Жолдошум Тоң районуна караштуу Бөкөнбаев айылынан болот. Мектепти аяктарым менен сөйкө салган. Жолдошум дуэттин түзүлүшүнө салымын кошуп, мени колдоп келе жатат», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×