Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 19.10.2018 16:21 Жаңыланды: 19.10.2018 18:54 На русском

Сүрөт: Кара-Балтада 3 кызы менен контейнерде жашаган Тахмина 46 жаштагы кишиге баш кошту

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы базарда контейнерде 3 баласы менен жашап жаткан 23 жаштагы Тахмина Жаныбек кызы турмушка чыкты. Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттарында 3 балалуу жалгыз бой эне тууралуу маалымат жарыяланган болчу.

1995-жылы туулган Тахмина Тажикстандан келген этникалык кыргыз. Ал 5-4 жаштагы жана 10 айлык кыздарын жалгыз тарбиялап жаткан. Тигүүчү кесибине ээ болгону менен адистиги боюнча иштеген эмес. Кара-Балта шаарындагы базарда соода кылып жүргөндө 1994-жылы туулган Эдил аттуу жигит менен таанышып, ал Тахминаны ала качып кеткен. Ал жигит балдар үйүнүн тарбиялануучусу болгон.

Жаш үй-бүлө бир жыл ижарага алган батирде жашап, Айзирек аттуу кыздуу болушат. Бир жылдан кийин экинчи кызы Айбийке төрөлгөн.

«Эдил жүк ташуучу болуп иштечү. Ал эгиз уулдуу болууну кыялданчу. Спирт ичимдиктерин иччү, ошондой эле кыз төрөгөнүмө нааразы болуп жүрдү. Кайрадан боюма бүтүп, ал да кыз экенин билгенде жолдошум үйдөн кетип калды. Үчүнчү кызым Альбина төрөлгөндө кыздарым менен апамдын үйүнө бардым. Ал жерде апам, өгөй атам жана 2 агам жашачу. Түшүнбөстүктөрдөн улам өз алдымча жашоону чечтим. Алгач курбумдукунда жашап, ал Россияга кеткенде ижарага үй алдым. Бирок ижара акысын төлөөгө акчам жок, паспортумду 5 миң сомго күрөөгө койдум. Үйдүн ээсине акча төлөп, ал жерден көчүп кеттим», - деди ал.

Андан кийин Тахмина буга чейин иштеп жүргөн базарга барып, тааныш аялга тагдыры тууралуу айтып берген. Ал кароолчулар жашаган жерге убактылуу жашап турууну сунуштаган.

«Ал аял таап берген жер жылуу, жарык болчу. Кыздарым менен 3 күн жашагандан кийин милиция жана социалдык кызматкерлер келди. Алар бизди социалдык мекемеге жайгаштырды», - деди ал.

Кийинки күнү аталган мекемеге Солдатбек аттуу адам барып, жалгыз бой энени кыздары менен кошо алып кете турганын айткан.

1972-жылы туулган Солдатбек Жусупов Суусамыр өрөөнүндө өскөн. Ага ысымды чоң атасы ыйгарган. Аскерге кеткен иниси аман-эсен келсин деген тилек менен небересин Солдатбек деп атаган. Ал учурда Кара-Балта шаарында жашайт. Жубайы менен ушул жылы жазында ажырашкан, бир уулу бар. Учурда Кара-Балта шаарынан жер тилке алып, өзүнө үй куруп жатат.

«Бир нече күн мурун таанышым "үйлөнөм деп жатпадың беле, базардагы контейнерде 3 балалуу жакшы келин жашап жатат" деп аны менен таанышууну сунуштады. Дароо арак ичпейби деп сурадым. "Жок" деген жоопту уккандан кийин базарга барып, ал келинди сырттан карап келдим. Андан кийин туугандарыма үйлөнө турганымды айтып, абалды түшүндүрдүм. Балдарды абдан аядым. Кийинки күнү Тахминаны алып кетүү үчүн барганда аларды социалдык мекемеге жайгаштырышканын айтышты», - деди ал.

Ал аталган мекемеге барып, Тахминага бирге жашоону сунуштап, кыздарын асырап алууга даяр экенин айткан. Ал эми Тахмина бул сунушка макул болгон.

«Солдатбек 3 кыздуу аялга үйлөнө турганын укканда абдан сүйүндүк. Ал балдарды абдан жакшы көрөт. Солдатбек куруучу, ширетүүчү, сантехник болуп иштейт. Биз келинди жакшы кабыл алдык», - деди Солдатбектин эжеси Замира.

Жаңы үйдүн курулушу бүткүчө Тахмина кыздары менен кайненесинин үйүндө жашашат. Солдатбек жаңы жубайынын кыздары менен бат эле тил табышып кеткенин айтты. Ал Тахминаны алып келген күнү нике кыйдырышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×