Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 30.07.2018 12:28

Айыл турмушу: Спортчу Ж.Акимканов атактуу мушкерлер — Зубайра, Хабиб, Конорду беттешке чакырды (видео, сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу Кара-Балта шаарынын 28 жаштагы тургуну, спортчу Жолдош Акимканов дүйнөнү дүӊгүрөтүп атагы чыккан ирландиялык мушкер Конор Энтони Макгрегорду, орусиялык мушкер Хабиб Абдулманапович Нурмагомедовду жана Зубайра Алиханович Тухуговду видео кайрылуу аркылуу беттешке чакырды. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

Жолдош Акимканов 1990-жылы Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районунда төрөлгөн.

«20 жылдан бери Кара-Балтада жашайбыз. Менин атамдын аты Кадырбек, ал 1961-жылы төрөлгөн. Учурда курулуш фирмада иштеп келет. Апам Гүлбара, ал 1965-жылы төрөлгөн, үй кожойкеси. Өзүм 3 бир туугандын кичүүсүмүн. Менден улуу 2 эжем турмуш куруп, үй-бүлө күтүшкөн. А, мен бойдокмун, жүрөк бош.

Кара-Балта шаарындагы №1 орто мектебинде 11-класска чейин окуп,андан кийин Исхак Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетине тапшырып, аны ийгиликтүү аяктап алдым.

Спорт – бул менин жашоом! Анткени мен 1-класстан 7-класска чейин күрөшкө баргам. Андан кийин атам кикбоксингге алып барды. Жылдан жылга спорттун түрү көбөйүп тай бокс, ушу-санда, эр таймаш, косики карате, К-1, бирман бокс жана башкалар чыкты. Мен аты аталган спорттун баарына катышып, азыркы убакытта пенчак силат менен алектенип, XVIII Азия оюндарына даярдык көрүп жатабыз. Буюрса жетишкен ийгиликтерим аз эмес. Бирма бокс боюнча дүйнө чемпиону, муай-тай боюнча Россиянын көп жолку чемпиону, К-1 боюнча эл аралык мелдештердин чемпиону, ушу-санда, эр таймаш боюнча Евразия, Азия жана албетте республиканын дагы чемпионумун.

Учурда Кара-Балта шаарында спорттук клубда окуучуларды машыктырам. Машыгам деген окуучулар көп», - деди ал.

Жолдош Акимканов башынан өткөн окуяларын дагы айтып берди.

«Ар кайсы машыгууда ар кандай окуя болот. Өткөндө Ысык-Көлдөгү мелдеште тамаша ой менен дүйнөнү дүӊгүрөткөн чемпион спортчулар — Конор Энтони Макгрегорду, орусиялык мушкер Хабиб Абдулманапович Нурмагомедовду жана Зубайра Алиханович Тухуговду видео аркылуу беттешке чакырдым. Бул албетте тамаша иретинде айтылды. Бирок кудайым буюрса ушундай атагы чыккан дүйнө чемпиондору менен беттешке чыгам деген илгери үмүтүм бар», - деди ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×