Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 27.07.2018 19:09

Кара-Балтада кызматтык унаа сүзгөн аял комага түштү

Turmush -  Кара-Балта шаарында жол-транспорт кырсыгынын кесепетинен аял киши жабыркады. Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, жабырлануучу учурда комада жатат.

Кечээ, 26-июлда саат 18:00 чамасында «Жигули» үлгүсүндөгү кызматтык унаанын айдоочусу Гвардейская көчөсүндөгү отургучта отурган аялды сүзүп кеткен.

Жабырлануучу аялдын өздүгү азырынча тактала электигин ооруканадан билдиришти. Эс-учун жоготкон аял баш сөөгүнөн жаракат алган. Бүгүн ал тиешелүү текшерүүдөн өткөрүлүп, медициналык жардам берүү улантылууда. Анын туугандары аныктала элек.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×