Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 27.07.2018 10:09

Айыл турмушу: Мушкер Д.Токуров Жакартада өтүүчү жайкы Азия оюндарына даярданып жатат (сүрөт)

Turmush -  Чүй облусунун Кара-Балта шаарынын 21 жаштагы тургуну Данияр Токуров 4 жылдын ичинде спортто көптөгөн ийгиликтерди жаратууга жетишти. Ал жакында өтө турган жайкы Азия оюндарына даярданып жатканын аймактык кабарчы менен болгон маегинде билдирди.

Спортчу Кара-Балта шаарындагы №4 орто мектепти аяктап, андан соң №105 кесиптик лицейде ашпозчу кесибине ээ болгон. Спортко кызыгып калуусуна агалары себеп болгонун айткан спортчу машыгууларын бирма боксунан баштаган.

«Алишер аттуу агам кикбоксинг менен машыгып, мелдештерде көптөгөн ийгиликтерди жаратты. Үйгө дайыма сыйлык менен келгенин көрүп, аны менен сыймыктанып, агамдай спортчу болууну самачумун. Жыйынтыгында 2014-жылдан баштап спорт менен машыгып баштадым. Эң алгачкы ийгилигим катары 2014-жылы бирма боксу боюнча өлкөнүн чемпиондугунда 2-орунду алганымды айта алам. Андан соң 2015-жылы Орто Азия боюнча кесипкөй спортчулардын мелдешинде 1-орунду багындыргам. Эң жакшы жетишкендигим деп 2017-жылы дүйнө чемпиондугунда 1-орунду алганымды эсептейм. Бирма боксу, тай боксу боюнча Кыргызстандын, пенчак силат, бирма боксу боюнча Орто Азиянын жана бирма боксу боюнча дүйнөнүн чемпиону болууга жетиштим», - деди спортчу.

Данияр машыктыруучу болуп, балдарды даярдап жүргөнүнө бир жарым жыл болду. Ал учурда 15 баланы машыктырып жатат.

«Келечекте жөн гана мушкер болбой, билгенимди окуучуларыма үйрөтүп, көптөгөн ийгиликтерге жетишсек дейм. Спорт мага туура жолду көрсөттү. Өзүм кудай буюрса Жакартада өтө турчу жайкы Азия оюндарына пенчак силат боюнча катышууга камданып жатам», - деди ал.

Спортчу 1997-жылы 10-апрелде Тажикстанда төрөлгөн. Үй-бүлөдө 6 бир туугандын
төртүнчүсү.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×