Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 24.07.2018 22:59

Кара-Балтада өспүрүм балдар арасында футбол боюнча турнир уюштурулду (сүрөт)

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы «Манас» спорт комплексинде 2005-2006-жылдары туулган балдардан куралган Чүй облусундагы командалар арасында футбол боюнча турнир болуп өттү, деп билдирди аймактык кабарчы.

Маалым болгондой, аталган турнир футбол боюнча Кыргызстандын курама командасынын оюнчулары Мирлан Мурзаев менен Антон Землянухиндин демилгеси менен өткөрүлдү. Мелдештин жыйынтыгында 1-орунду Бишкек шаарынын «Дордой» командасы, 2-орунду «Акылтай», ал эми 3-орунду Кара-Балта шаарынын жаш футболчулары алышты. Жеңүүчү командаларга тиешелүү даражадагы дипломдор, медалдар, кубок жана баалуу белектер тапшырылды. Сыйлык тапшыруу иш-чарасына мэриянын жана «Манас» спорт комплексинин өкүлдөрү, ошондой эле Казакстандан атайын келген оюнчулар Мирлан Мурзаев менен Антон Землянухин катышты.

Бул турнир «Манас» спорт комплексинин мурунку директору Геннадий Супрунов менен футбол боюнча машыктыруучу Александр Давыдовдун жаркын элестерине арналып уюштурулду. Александр Давыдов М.Мурзаева менен А.Землянухиндин биринчи машыктыруучусу болгон.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×