Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 17.07.2018 16:45 На русском

Жол кырсык учурунда дайынсыз жоголгон Сагынбектин жансыз денеси табылды

Turmush -  Кара-Балта суусуна агып, изделип жаткан 26 жаштагы А.у.Сагынбектин денеси табылды. Куткаруучулардын айтымында, анын жансыз денеси бүгүн, 17-июлда саат 15:30 чамасында Бишкек—Ош унаа жолунун 93-чакырымында табылган.

«Жигиттин денеси окуя болгон жерден 17 км аралыктагы алыстыктан табылды. Буга чейин Сагынбектин денеси сууну көлөмү жогору болгондуктан табылбай жаткан», - деп билдиришти куткаруучулар.

Кара-Балта суусуна агып кеткен жүргүнчү бир жумадан бери изделип жаткан. ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 17-июлда саат 08:30дан тарта Жайыл райондук №22 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, Панфилов райондук №2 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, жалпы 15 куткаруучу издөө иштерин улантышкан болчу.

10-июль күнү Жайыл районунда, тактап айтканда Бишкек—Ош унаа жолунун 105-чакырымында Кара-Балта суусуна «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Кырсык болгон жерде 1992-жылы туулган Анарбек уулу Сагынбек сууга агып кетип, ошол күндөн бери табылбай жаткан.

Автоунаада жалпы 4 адам болгон. Анын үчөө унаанын ичинен өздөрү чыгышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×