Бөлүмдөр
Бейшемби, 19-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 17.07.2018 10:04

Кара-Балта суусуна агып кеткен жүргүнчү бир жумадан бери табыла элек

Turmush -  Кара-Балта суусуна агып кеткен 26 жаштагы жүргүнчү бир жумадан бери табыла элек. ӨКМдин басма сөз кызматы билдиргендей, бүгүн, 17-июлда саат 08:30дан тарта Жайыл райондук №22 аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүмүнөн 10 куткаруучу, Панфилов райондук №2 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, жалпы 15 куткаруучу издөө иштерин улантып жатышат.

10-июль күнү Жайыл районунда, тактап айтканда Бишкек—Ош унаа жолунун 105-чакырымында Кара-Балта суусуна «Хонда Фит» үлгүсүндөгү унаа түшүп кеткен. Кырсык болгон жерде 1992-жылы туулган Анарбек уулу Сагынбек сууга агып кетип, ошол күндөн бери табыла элек.

Автоунаада жалпы 4 адам болгон. Анын үчөө унаанын ичинен өздөрү чыгышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×