Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 18.03.2018 14:54 На русском

Айыл турмушу: Кара-балталык тургун К.Эликбаева ажыдаарга окшош жаныбардын скелетин сактап жатат (фото)

Turmush -  Мындан үч жума мурун Кара-Балта шаарынын тургуну Калыйча Эликбаевага бир эркек киши телефон аркылуу чалып, өзүнүн короосунан белгисиз жаныбардын скелетин таап алгандыгы тууралуу билдирген. Көп өтпөй ал киши өзгөчө табылганы Калыйча Эликбаевага тапшырган. Бул окуяны аймактык кабарчы сураштырып көрдү.

Калыйча Эликбаева

IMG-20180303-WA0030_resized

К.Эликбаева аймактагы тарыхтык-материалдык маданиятты үйрөнүү менен алектенип, келечекте тарых музейин ачууга ниеттенүүдө.

Ал эми өзгөчө скелетти 38 жаштагы кара-балталык ишкер Эмилбек Каратаев таап алган. Өткөн жылы күзүндө сарай куруу учурунда эски чарба жабдууларын иреттеп жатып, белгисиз жаныбардын скелетине чалынып калган. Ал скелеттин бир дагы сөөгүн сындырбай, кылдааттык менен алып чыккан. Бул табылга ага кичинекей ажыдаардын скелетин элестеткен. Эмилбек Каратаевдин тааныштары аны музейге тапшырууну сунуштап, тарых сабагы боюнча мугалим Калыйча Эликбаеванын уюлдук телефонунун номурун беришкен. Алар бул мугалим ушул аймакта жашаган элдердин жашоосуна байланыштуу тарыхый баалуулуктарды чогултуп жүргөндүгүн айтышкан.

Эмилбек Каратаев

unnamed

«Мен таап алган скелет кайсы жаныбарга тиешелүү экендигин билбейм. Аны көп адамдарга көрсөттүм. Башында биз аны ит деп, андан кийин мышык деп ойлодук. Бирок анча чоң эмес, болжол менен 50 см болгон жаныбардын скелетинин алдыңкы туяктары жок. Болгону арткы эки туягы гана бар. Эң кызыгы сөөгүндө, тактап айтканда алдыңкы туяктары боло турган жерде анча чоң эмес тешиктер бар экен. Эгер божомолдой турган болсок, бул скелет ажыдаар, ал эми жанагы айткан жеринде канаттары болушу мүмкүн», - деди Эмилбек Каратаев.

Тарыхчы Калыйча Эликбаева белгисиз жаныбардын калдыктарын кара кездемеге ороп, өзгөчө шартта — кара кутуда сактап жатат.

«Мен бул өзгөчө жаныбарга ишенем. Ошондой эле, табылгага кылдаат мамиле жасап, атайын колкап кийип, башын, оозун жана мурунду кездеме менен жаап коем», - деди ал.

Тарыхчы келечекте түптөй турган музейине аталган экспонатты жайгаштырууга ниеттенүүдө. Бирок ал табылганы алдын ала окумуштууларга көрсөтүп, анын скелети кайсы жаныбарга тиешелүү экендигин тактоону пландап жатат. Ага чейин тарыхчынын алдында өзгөчө табылганы сактоого жер табуу тапшырмасы турат. Себеби, келечекте уникалдуу экспонат болуп калуу мүмкүндүгү бар скелетти өзүнүн үйүндөгү балконго сактоо мүмкүн эмес.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×