Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-сентябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 15.03.2018 12:29

Айыл турмушу: 70 гиссарлуу ишкер С.Мамбетов эң чоң коюн 40 миң сомдон баалайт (фото)

Turmush -  Кара-балталык Совхозбек Мамбетов досу менен биргеликте гиссар койлорун көбөйтүп, багып келет. Анын койлору 40 миӊ сомго чейин бааланат. Аны менен аймактык кабарчы таанышты.

«Кара-Балтадагы досум 10 жылдан бери гиссар койлорун багып келе жатат. Мен дагы ушул гиссар койлоруна кызыгып жүргөм. Кийин чогуу багып баштадык. Учурда досум экөөбүздө 70 баш гиссар койлор бар. Анын санын дагы эки эсеге жеткирүүгө аракет кылып жатабыз. Гиссар койлорубуздун эӊ узуну 1 метр 10 сантиметрге жетет. Ал эми салмагы 150 килограммга барат. Бул гиссар койлорду бакканыбыздын себеби, жөнөкөй койлордой эле жем-чөп жегени менен эттүү келип, баасы кымбат болот. Оору-сыркоого да чыдамдуу. Козулары тез торолуп, тез чоӊоет. Учурда чакан ишкерлигибизди өнүктүрүүнүн үстүндөбүз. Гиссар койлордун эӊ кымбатын 40 миң сомго чейин баалап келебиз», - деди ал.

Фермер үй-бүлөлүү, 1 кыз, 1 уулдун атасы. Ал 1960-жылы Жайыл районунда төрөлгөн.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×