Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Чүй

Кара-Балтада үй өрттөнүп, 2 адам каза болду

Turmush -  Кара-Балта шаарындагы үй өрттөнүп, 2 адам каза болду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, шаардын Луговая көчөсүндөгү үйдүн ичинде 6 чарчы метр жыгач полу күйгөн. Өрттүн кесепетинен 1977-жылы туулган А.А.А. аттуу эркек адам менен 1951-жылы туулган Л.А.А. аттуу аял каза болгон. Куткаруучулар жансыз денелерди чыгарып, милиция кызматкерлерине өткөрүп беришти. Өрт жылытуучу меш менен мордун туура эмес түзүлүшүнөн улам келип чыккандыгы такталды.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 353
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×