Бөлүмдөр
Жума, 19-октябрь
Чүй облусу, Кара-Балта 04.02.2018 11:15

Кара-Балтада көп кабаттуу үйдөгү батирден аял кишинин денеси табылды

Turmush -  Кара-Балта шаарында көп кабаттуу үйдөгү батирден куткаруучулар аял кишинин жансыз денесин табышты. ӨКМ билдиргендей, №22 өрт куткаруу бөлүмүнүн куткаруучулары кечээ, 3-февралда чакыруу менен Кыргызстанга 40 жыл көчөсүндөгү батирдин бекилип калган эшигин ачуу үчүн барышкан.

Алар эшикти саат 17:00 чамасында ачып, үйдүн ичинен каза болгон аялдын денесин табышкан. Анын өздүгү такталып, үй ээси — 1935-жылы туулган Н.Н. экени аныкталды. Анын өлүмүнө байланыштуу тактоо, текшерүү иштери тиешелүү органдар тарабынан жүрүп жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×