Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 26-февраль
Чүй

Кара-балталык 69 жаштагы аял колун үшүккө алдырды

Turmush -  Кара-Балта шаарында 69 жаштагы аял колун үшүккө алдырды. Анын колунун манжалары жабыркаган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, 1949-жылы туулган С.Н. кечээ, 29-январда саат 19:00 чамасында райондук ооруканага түшкөн. Дарыгерлер аны текшерүүдөн өткөргөндөн кийин жалпы организмдин муздоосу, манжаларды үшүк алуу, кант диабети жана алкоголдук уулануу деген диагноз коюшту. Ага медициналык жардам көрсөтүү улантылып жатат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 564
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×